Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:40

Трамп менен Путин телефондон сүйлөштү


Дональд Трамп жана Владимир Путин. Вьетнам, 11-ноябрь, 2017-жыл.
Дональд Трамп жана Владимир Путин. Вьетнам, 11-ноябрь, 2017-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшембиде Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча макулдашууга Кытайды да кошуу зарыл экени белгиленген.

«Президент Трамп АКШ курал-жаракты натыйжалуу көзөмөлдөөнү колдой турганын ырастап, макулдашууга Орусия гана эмес, Кытай да кол коюшу керек экенин белгиледи», деп жазылган Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Өткөн жылы 500-5500 чакырымга чейин жете турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган АКШ менен Орусиянын ортосундагы макулдашуу күчүн жоготкон. Бул келишимге 1987-жылы ошол кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Рональд Рейган кол коюшкан. Алгач Вашингтон Москваны «макулдашуунун шарттарын бузду» деп айыптап, келишимден чыкканын жарыялаган. АКШнын бул позициясын НАТО колдогон. Орусия бул дооматтарды четке кагып, кийинчерээк келишимден чыкканын билдирген.

Вашингтон мындан тышкары быйыл күчүн жогото турган стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү эки өлкө ортосундагы макулдашуунун (СНВ-3) мөөнөтүн узартпашы мүмкүн экенин кабарлаган.

Кремль телефондук сүйлөшүүдө Трамп менен Путин дүйнөлүк мунай базарындагы абалды, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын да талкуулаганын билдирди.

2014-жылы Крым аннексияланып, Украинанын чыгышында куралдуу кагылышуу башталгандан кийин эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап, АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Москва Крымдын Орусиянын курамына кошулушун «тарыхый адилеттүүлүктүн орношу» деп мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG