Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Тажикстандан кайткан кыргызстандыктар Чоң-Алайда обсервацияга алынат


Нарында окуп жаткан памирлик кыргыздардын балдары. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарында окуп жаткан памирлик кыргыздардын балдары. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандан кайткан кыргызстандыктар Чоң-Алайда обсервацияга алынат. Алар үчүн райондун Дароот-Коргон айылында ооруканада обсервация орундары даярдалганын Ош облустук комендатурасынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» билдирди:

«Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан көп жыл мурун Кыргызстанга көчүп келген кыргыздар карантин жарыяланганга чейин ал жактагы туугандарынан кабар алганы барып, келе албай калышкан экен. Тогуз адам Кыргызстанга кайтуу боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылыптыр. Бүгүн-эртең алар Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасынан, «Кара-Мык» көзөмөл бекети аркылуу өтүп келишет, келери менен обсервацияга алынат».

Аширбаевдин маалыматы боюнча, Тажикстандан келе албай калган жарандар 14 күн обсервацияда болуп, соңунда анализ тапшырышат. Анализдери таза чыкса, Чүй облусундагы үйлөрүнө коё берилет.

7-май күнү Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы эл «Тажикстандан келүүчү жарандарга мектептен обсервация үчүн орун даярдалып жатыптыр» деген маалыматтан улам нааразылыгын билдирген. Жергиликтүү эл менен райондун акими Жумадилла Жапаров жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү кабарланууда.

Союз кулагандан кийинки аралыкта коңшулаш Тажикстандан, Өзбекстандан тарыхый мекенине кайткан кыргыздардын саны 55 миңден ашат. Алардын 10 миңден ашууну кайрылман макамынын негизинде Кыргызстандын жарандыгына ээ болушкан. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG