Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Пакистан 9-майда карантиндик чектөөнү жумшартат


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистанда 8-майга карата коронавирус жукканы аныкталгандар 26 миң адамга чамалады. Өлкө жаңы вирустун таралышы боюнча чөлкөмдө Ирандан (103 миң) кийинки экинчи орунда турат.

Акыркы суткада бул дартты 1600дөй адам жуктурганы аныкталды. Бул күнүмдүк статистикадагы эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири.

Ага карабастан Исламабад планын ишке ашырып, карантиндик чектөөлөрдү жумшарканы турат.

«Бүгүн биз чектөөгө чекит коюш үчүн ушул чечимди кабыл алдык. Чектөө ишембиден тартып жеңилдейт», - деди премьер-министр Имран Хан 7-майдагы кайрылуусунда.

Хан алгач чакан базарлар жана дүкөндөр ишин баштай турганын билдирди. Адамдар көп топтолгон жайлар, анын ичинде ири соода борборлору жабык бойдон кала берет. Мектептер июлдун ортосунда ачылары пландалган.

220 миллион калкы Пакистандын ички дүң өнүмү киши башына бөлгөндө 1,5 миң долларга жетпейт. Пандемияга байланыштуу карантин өлкө ичинде өзгөчө күнүмдүк киреше менен жан баккан элдин жакыр катмарын нааразы кылууда.

XS
SM
MD
LG