Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Африкадагы кара нөшөр ондогон өмүрдү кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук-Чыгыш Африкада май-июнь айларындагы демейдеги кара нөшөр башталды. Анын кесепетинен дайраларда суу ташып, сел каптап, жер эзилип көчкү жүрдү.

Кенияда, Угандада жана Сомалиде кеминде 260 адамдын өмүрү кыйылганы белгилүү болду.

Кызыл чырым уюму миңдеген адам турак жайсыз калганын билдирди. Үч миңден ашуун гектар жердеги эгинди суу басып калды.

Метеорологдор нөшөр жакынкы күндөрү басылбай турганын болжолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG