Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган салют атылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык фейерверк 9-май күнү саат 22:00дө атылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

Салют атуу салтанатын Башкы штаб санитардык талаптарды толук сактоо менен элдин катышуусуз жүргүзөт.

Салют атуу аземи тартип коргоо кызматкерлеринин көзөмөлү алдында болот.

Мэриянын маалыматына караганда, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого каралган 2,5 млн. сом борбор калаанын башка муктаждыктары үчүн сарпталат.

1941-1945-жылдарды Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам катышкан. Басымдуу бөлүгү согуштан кайтпай калган, дайынсыз жоголгондору да бар. 150 миңдей кыргызстандык согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү орден-медалдарга, сыйлыктарга ээ болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG