Өзгөн шаарынын 100 жаштагы тургуну Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган паспортту эми гана алды. Бул тууралуу 8-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Саламатхан Маллабекова Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган документти 46 жыл кеч алды.
Буга анын туулгандыгы, үй-бүлө кургандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана башка документтери жоктугу себеп болгонун Мамкаттоонун маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев айтып берди.
"Маллабекова 1920-жылы Өзгөндө туулуп, өмүр бою ошол жерде жашап келет. Мамкаттоонун жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери өз эсебинен анын документтерин калыбына келтирүүгө жардам берип, ID карта жасатышты".
Паспорт салтанаттуу түрдө белек-бечкеги менен кошо тапшырылды.
Бир кылымдык өмүр сүрүп келе жаткан Саламатхан Маллабекованын алты уул-кызы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар.
Кыргызстан эгемендикке ээ болгону жарандык паспортторду 1994-жылы бере баштаган, ага чейин советтик паспорт болчу. (RK)