Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:19

Өзбекстан миңдеген жаранын мекенге кайтарат


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын бийлиги чет өлкөлөрдөн кеминде 11 миң жаранын кайтарууга аракет кылууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бейшембидеги жыйында билдирди.

«Орусияда, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында жана башка өлкөлөрдө 11 миңге жакын кыйналган жарандарыбыз бар. Биринчи кезекте ошолорду алып келиш үчүн бардык чараларды көрүп атабыз», - деди өзбек президенти.

Мирзиёев аны менен катар коопсуздук эрежелери көрүлөрүн, буга чейин Өзбекстанга четтен алынып келгендердин көбүнөн коронавирус табылганын белгиледи.

Расмий маалыматка караганда учурда Өзбекстанда COVID-19 илдетинен жабыркап жаткандар 2300дөй киши. Алардын 1600дөн ашууну айыгып чыкса, 10 адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG