Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) карантиндик чектөөлөрдү ала баштаган өлкөлөрдү этияттыкка чакырып, инфекциянын экинчи толкуну келип, коронавирустун ыкчам жайылышы ыктымал экенин эскертти.
8-майга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 инфекциясына чалдыккандар 4 миллионго жакындады. Алардын 270 миңден ашууну көз жумду. 1,3 млн. адам гана айыгып чыкты.
Бир катар өлкөлөр экономикасы катуу алсыраганы үчүн май айында карантинди жумшартууга киришти.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус күчөп кетпесе эмки жумадан тартып чектөөлөрдүн айрымдары алынарын билдирген. Британия COVID-19 кесепетинен өлгөн адамдар саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат.
Ал эми эң катуу жабыркап жаткан АКШдагы штаттардын жарымына жакыны чектөөнү жумшартууну, ишкерликке уруксат берүүнү талап кылып жатышат. АКШда коронавирус жуккан адамдар 1,3 миллионго жакын болсо, алардын 77 миңи көз жумду.
Коронавирустун жаңы түрү адеп тараган Кытайдын өкмөтү күнүмдүк жаңы катталгандар жокко эсе болуп калганын, илдет жуктуруу коркунучу өтө аз экенин билдирүүдө. Расмий маалымат боюнча акыркы үч аптадан бери COVID-19 кесепетинен ажал тапкан бир да учур каттала элек. Ошол эле учурда буга чейин аткаминерлери сандарды төмөндөтүп көрсөтүп, сын айткандардын оозун жапкан көрүнүштөр болгонун эске алган эксперттер Кытайда статитика бурмаланып жатышы мүмкүн экенин да эскертишет.