Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкектеги ири маданий жайлар онлайн концерттерди уюштуруп жатышат. Мындай демилге менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чыкканын “Азаттык” радиосуна мекеменин басмы сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.
Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артисттери даярдаган “Таазим сага, Улуу Жеңиш!” онлайн адабий кечеси 8-майда саат 15:10до башталды. Анда согуш жылдарындагы ырлардан үзүндүлөр аткарылып, фронттон келген каттар окулуп, монологдор айтылууда.
Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты даярдаган майрамдык онлайн концерт “Жеңиш жазы” деген аталыш менен 8-майда 16:30да башталат.
Ал эми Улуттук академиялык опера жана балет театрынын майрамдык концерти 9-майга, саат 18:00гө пландалууда.
Онлайн концерт, кечелердин баарын “ЭлТР” телеканалынан, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынан, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Фейсбуктагы” баракчасынан түз көрсө болот.
Фашизмге каршы 1941-1945-жылдагы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы согушта курман болгон.
Коронавирус коркунучунан улам башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле бардык маданий жайлар да убактылуу жабылган. (RK)