Советтер Союзунун Баатыры, 1944-жылы фашисттик баскынчылардан Беларус жергесин бошотуу учурунда каармандык менен курман болгон, кыргыз элинин уулу Жумаш Асаналиевдин Минскидеги эстелигине гүлчамбар коюлду. 8-майда болгон аземге Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин кызматкерлери, Беларус бийлигинин өкүлдөрү катышты.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандагы Беларустагы элчилиги кабарлады.
1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам катышкан. Басымдуу бөлүгү согуштан кайтпай калган, дайынсыз жоголгондору да бар. 150 миңдей кыргызстандык согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү орден-медалдарга, сыйлыктарга ээ болгон. (ZKo)