Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Баткенде төрт өспүрүм сууга чөгүп каза болду


Баткен.
Баткен.

8-май күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов Баткен облусунун тургундарына кайрылды. Анда өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери төрт өспүрүм сууга чөгүп каза болгону айтылат.

«22-марттан баштап Баткен облусуна өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери облус аймагында өспүрүмдөр кокусунан сууга чөгүп, каза болгон төрт учур катталды. Биз бул фактылардын ар бирине талдоо жүргүзүп иликтеп чыктык. Кокустук фактылары себеп болуп жатат. Анткени каза болгон балдар мектеп курагына чейинки бала болгону мени өкүндүрөт. Жаш жеткинчектердин ден соолугун кароо жана саламаттыгын сактоо жаркын келечекке жол ачат. Ошондуктан, урматтуу ата-энелер жана облустун тургундары, өз перзентиңерге кайдыгер карабай, алар үчүн толук убакыт бөлүп, көңүл бурууңуздарды суранып кетем. Жеткинчектер - биздин келечегибиз!», - деп айтылат кайрылууда.

Баткен облусунда 100 миңдей мектеп окуучусу жана 30 миңден ашуун мектепке чейинки жеткинчектер бар. Облус боюнча ата-энеси Орусияда миграцияда жүргөн балдардын саны 15 миңден ашат. (JsA)

XS
SM
MD
LG