Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларынын жана Ат-Башы районунун аймагына жарыяланган өзгөчө абал режими алынып, жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими узартылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 9-май - Жеңиш күнүнө карата 8-майда элге кайрылуусунда айтты.
«Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат. Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз.
Коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу. Бирок оорунун жайылып кетишине жол бербеш үчүн мамлекет менен катар ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Ыктыярдуу жоопкерчилик мурдагыдан да күчтүү болушу керек», - деди мамлекет башчы өз кайрылуусунда.
Президент бүгүнкү күнгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганы үчүн жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазылык билдирди. Ошол эле учурда бул аракеттер мындан ары да өлкө аймагында бекем тартип жана биримдик менен улантыларын эскертти.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 22-марттан тартып өзгөчө кырдаалдын, 25-марттан тартып оору күч алган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарлары, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондору өзгөчө абалдын эрежелерине ылайык жашап келди. Президенттин жарлыгы менен 15-апрелден тартып өзгөчө абал жарыяланган аймактарга Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулуп, 28-апрелден тартып Нарын шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондору өзгөчө абал режиминен чыгарылган.
Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылган. Өзгөчө абал режимин токтотуу тууралуу президенттин жарлыгы чыга элек. (ZKo)