Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:22

АКШ жана Европа Жеңиш күнүн белгилешти


Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана бул өлкөнүн мурдагы президенттери 8-майдагы салтанатта.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана бул өлкөнүн мурдагы президенттери 8-майдагы салтанатта.

АКШ жана Европа өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Германиянын жеңилгендигинин 75 жылдыгын белгилешти. 8-май Европадагы Жеңиш күнү саналат.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлери Ангела Меркел баштаган аткаминерлери Берлиндеги согуш менен зомбулук курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар коюшту.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон борбордогу Триумфалдык аркадагы жабык салтанатка катышты.

7-майда АКШ мамлекеттик катчысы, Болгариянын, Чехиянын, Эстониянын, Венгриянын, Латвиянын, Литванын, Польшанын, Румыниянын жана Словакиянын тышкы иштер министрлери жалпы билдирүү таратып, Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына жана ошондогу аскерлерге урмат билдиришкен.

Ошол эле учурда 1945-жылдын май айынан кийин бүтүндөй Европага эркиндик келбегени белгиленет.

«Континенттин борбордук жана чыгыш бөлүгү дээрлик 50 жыл бою коммунисттик режимдин башкаруусунда калды. Балтика боюндагы өлкөлөр мыйзамсыз оккупацияланган жана аннексияланган. Башка өлкөлөрдү Советтер Союзу аскер күчүнүн жардамы, репрессия жана идеологиялык көзөмөл аркылуу темир чеңгелде кармап турган», деп жазылат билдирүүдө.

Андан ары чөлкөмдөгү миллиондогон адам баштапкы укуктарынан жана эркиндигинен ажырап, кыйноого, аргасыз журт которууга аргасыз болгону көрсөтүлгөн.

Мурда Советтер Союзунун курамына кирген бир катар өлкөлөр Жеңиш күнүн 9-майда белгилешет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Беларус менен Түркмөнстандан башкасы көчөдө белгилеп, парад өткөрүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG