Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Кыргыз-тажик чек арасы: алты адам ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында 8-майда болгон окуядан төрт кыргызстандык жарадар болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Файзидин Абдрахманов билдирди:

«Үчөө - аскер кызматкери. Аларга ок тийген. Бирөө жай тургун, ага таш тийген». Дарыгерлер алардын абалын орточо оор деп мүнөздөп жатышат.

Тажикстандын Мамлекетик коопсуздук комитетинин алдындагы Чек ара кызматы 8-майда саат 18:00дө Исфара районунун Чоркух жамаатынын Кумазор аймагында чек арада жаңжал чыкканын билдирди. «Чек арадагы чатакка тажик мыйзамына ылайык Тажикстанга таандык төрт гектар жерди кыргыз жарандары өзүм билемдик менен ээлеп алганы себеп болгон» деп айтылат.

Расмий билдирүүдө «Кыргызстандын чек арачылары жаңжалды токтотуунун ордуна чагымчылдык кылып, Тажикстандын куралсыз элине ок чыгарган» деп белгиленет. 1983-жылы туулган Фозилов Фазлиддин жана 1971-жылы туулган Шарипов Айомиддин оор жараат алганы кабарланды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймакта жергиликтүү жашоочулардын ортосунда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек аймагына тиешелүү 50 сотых жерди талаштан улам чыр чыкты. Талашкан жер такталбаган аймакка кирет, аны кыргыз тарап пайдаланып келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда эки тараптан тең 30-40 кишиден чыгып, бири-бирине таш ыргытып, кыргызстандык бир жаран башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетишин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, тынчый түшкөн маалда түшүндүрүү иштери жүргөн.

Маалыматта «бирок, ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёт атты» деп айтылат. Ошондой эле маалыматта «азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор» деп мүнөздөлөт. (JsA/SA)

XS
SM
MD
LG