Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Чек ара кызматы: Атышуу токтогон, кыргыз жана тажик чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушу тапта Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү тажикстандык чек ара өкүлдөрү менен ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгөрүү боюнча жолугушуу өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ок атышуу токтоду:

“Бул чыр-чатак тажик аскер кызматкерлеринин чагымчыл аракеттери менен коштолуп, күтүүсүздөн (такталган маалыматтар боюнча) топтук куралдан кыргыз чек арачылары жана кыргыз жарандары тарапка ок атышкан”.

Кыргыз тараптын расмий маалыматына караганда, үч кыргызстандык чек арчы ар кандай оордуктагы жараат алган, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Тажик тарап окуяга “Тажикстанга тиешелүү төрт гектар жерди Кыргызстандын жарандары өз алдынча ээлеп алганы” себеп болду деп билдирди.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы тараткан маалыматта эки тажик жаран оор жараат алганы айтылды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 8-майдагы окуя тууралуу «Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек жерлигинде, аталган жерге тиешелүү болгон 50 сотых жерди талашып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар ортосунда чыр-чатак орун алган» деп билдирди.

Баткен облустук ооруканасынын жетекчилиги ок тийген үч аскер кызматкери жана таш тийген бир жай тургун ооруканада экенин "Азаттыкка" маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG