Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

СОVID-19: Кыргызстанда 931 адамга жукту, 658 бейтап айыкты


Ош шаарында коронавируска каршы дезинфекциялоо иштери. 4-апрель.
Ош шаарында коронавируска каршы дезинфекциялоо иштери. 4-апрель.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 25 адам жаңы катталып, 8 адам айыгып чыкты.

Илдетке каршы Республикалык штабдын 9-майдагы маалыматына караганда, илдет жаңы аныкталган кишилердин экөө Бишкек шаарында, төртөө Чүй облусунда, 11и Нарын облусунда, үчөө Ош облусунда, төртөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Баткен облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус 931 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 658 бейтап айыгып чыкты.

931 адамдын 231и медицина кызматкери, алардын 166ү айыкты, бирөө каза тапкан.

Кыргыз бийлиги 11-майда өлкөдөгү өзгөчө абал режими алынарын, бирок өзгөчө кырдаал режими улана берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG