Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Тбилиси Киевдеги элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алат


Грузиянын желеги
Грузиянын желеги

Тбилиси Киевдеги элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алат. Бул тууралуу Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани билдирди. Бул кадам экс-президент Михаил Саакашвилинин Украинанын Реформа боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы болуп дайындалганына жооп катары жасалууда.

Грузин министри элчини чакыртып алуу Украина менен мамилени үзүү эместигин белигиледи.

Украина президенти Владимир Зеленский муну Грузиянын ката чечими катары сыпаттап, ага эч кандай жооп кадам болбой турганын белгиледи.

Грузияга 2004-2013-жылдары президент болгон Саакашвилиге бийлик алмашкандан кийин кылмыш иштери козголгон. Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко кызматта турган кезинде ага украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштагандан соң анын жарандыгы алынып, өлкөдөн 2017-жылы чыгарылган.

Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген. Ага жаңы кызмат берилгени 8-майда белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG