Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Чек арадагы жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор (видео)


Кыргыз-тажик чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор. Баткен облустук ооруканасында реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди:

Чек арадагы жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

"Бир ок алынды. Он биринчи омурткасында бир ок турат. Октон жүлүн жабыр тарткан".

Бөрүбеков операция учурунда аскер көп кан жоготконун белгилеп, ага кан куюлуп, тийиштүү дары-дармектер менен камсыздалганын кошумчалады.

Ошондой эле көкүрөгүнө, колуна ок тийген эки жоокерге медициналык жардам көрсөтүлдү. Алар Травматология бөлүмүндө жатышат, абалдары жакшы.

Жергиликтүү тургундардын бири да бетинен жараат алган. Ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Кыргыз тараптын расмий билдирүүсүнө ылайык, Көк-Таш айылынын Чек тилкесиндеги чатакка жергиликтүү тургундардын тактала элек аймактагы 50 сотых жерди талашканы себеп болгон.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Көп өтпөй тажик аскерлери күтүүсүздөн кыргыз аскерлерин жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан.

Эки өлкө тең күнөөнү бири-бирине оодарууда.

Окуянын артынан эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери, тышкы иштер министрлери, жергиликтүү бийлик башчылары бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG