Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:01

Лейлекте сел алган аймактарга техникалык каражат берилет


Замирбек Аскаровдун (атайын формачан) сел жүргөн аймактагы жумуш сапары. 8-май, 2020-жыл.
Замирбек Аскаровдун (атайын формачан) сел жүргөн аймактагы жумуш сапары. 8-май, 2020-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Лейлек районундагы сел алган аймактарды калыбына келтирүү үчүн 100 габион торчо жана атайын техника бөлөт.

Министр Замирбек Аскаров 8-майда Лейлектин Тогуз-Булак айыл аймагына барып, жабыркагандар менен жолукканын, сел алган жерлерди көргөнүн аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле Исфана шаарындагы сел каптаган турак жайларды көрүп, сай жээгин тазалоо, жөө адамдар үчүн көпүрө куруу тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу чечим кабыл алынды.

Замирбек Аскаровдун 6-майда Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, 2-3-май күндөрү Лейлек районунун Исфана шаарында, Тогуз-Булак, Маргун, Ак-Суу жана Сумбула аймактарында жүргөн селдин чыгымы 55 млн. 276 миң сом деп эсептелген. (SE)

XS
SM
MD
LG