Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Кыргыз бийлиги Жеңиш аянтында согуш курмандыктарын эскерди


Жумабеков, Жээнбеков жана Отунбаева.
Жумабеков, Жээнбеков жана Отунбаева.

9-майда Бишкек шаарында Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​

Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Айрым маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт.

Экинчи Дүйнөлүк согушта 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG