Ооганстандын президенти Ашраф Гани Иран менен чек арада дарыяга чөгүп каза тапкан ооган мигранттарынын өлүмүн кайрадан иликтөөнү тапшырды. Өлкө бийлиги буга чейин аталган кырсыкты иликтеп чыккан. Бирок 8-майда Ашраф Гани сөөгү табылган 18 мигранттын денесинде тактар бар экени белгилүү болгон соң 10 адамдан турган жаңы тергөө тобун түздү.
Ооган прездентинин администрация өкүлү билдиргендей, баштапкы маалыматка караганда, Гераттан Ирандын аймагына өтүүгө аракеттенген 70тей ооган жаранын ирандык чек арачылар сабап, Харируд дарыясына күч менен айдап киришкен. Ооган президенти жаңы буйругунда “Иран чек арасынын боюнда көз жумган бир канча мекендешибиздин өлүмүн тыкыр иликтөө керек" деп айтылат.
“Хьюман Райтс Вотч” (HRW) уюму 4-майдагы билдирүүсүндө “иран чек арачылары ооган мигранттарын ур-тепкиге алып, кийин дарыядан өтүүгө мажбурлаганын” айткан.
Иран бийлиги мындан дооматты четке кагып, ошол эле кезде окуяны иликтей турганын билдирген.
Ооган бийлиги белгилегендей, буга чейин да оогандар Ирандын коопсуздук күчтөрүнөн жапа чеккен учурлар болгон. Эки өлкөнүн чек арасы 920 чакырымга созулат.
Ооганстандагы ондогон жылдардан бери токтобогон согуш, жакырчылык жана жумушсуздуктан улам карапайым оогандар Иранга мыйзамсыз өтүүгө мажбур болушат.
БУУнун маалыматына ылайык, Иранда 1 миллион ооган качкыны катталган. Ошол эле кезде эч кандай документи жок дагы 2 миллиондой ооган бар.