Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Беларуста Жеңиш майрамына карата парад өттү


Минсктеги аскердик парад.
Минсктеги аскердик парад.

Беларустун борбору Минскиде Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 75 жылдыгына карата парад өттү. Ага 3 миңдей аскер катышып, 159 техника тартылган. Парадды көрүүгө 10 миңдеген киши келди. Иш-чарада Беларустун президенти Александр Лукашенко сөз сүйлөдү.

Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар Беларустун башка шаарларында да өттү.

Оппозиция коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда парад өткөрүп, жоопкерчиликсиз мамиле кылды деп бийликти күнөөлөп жатат.

Ошол эле кезде Минск шаарынын мэриясы "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салган. TUT.BY басылмасы кабарлагандай, 9-майдагы акцияны үч коомдук уюм уюштуруу ниетин билдирген, ага 5000 адам катышат деп маалымдалган. Бирок калаа бийлиги коронавируска байланыштуу уруксат бербеди.

Беларус бийлиги COVID-19 күчөп жатканына карабай, өлкөгө карантин режимин киргизген жок. Расмий маалыматтарга караганда 8-майга карата Беларуста коронавирус жуктуруп алгандар 21 миң кишиге жетип, 121и кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG