Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:40

Cеулда коронавирустун жаңы толкунуна байланыштуу клубдар жабылды


Сеулдагы көчөлөрдүн бири.
Сеулдагы көчөлөрдүн бири.

Сеул бийлиги коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу шаардагы клубдарды, барларды жапты. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги маалымдады.

Апрелдин соңунда Түштүк Кореяда карантин чаралары жумшартылган, бирок илдет жуккандар токтой элек болчу.

9-майда мамлекетте 18 адамдан COVID-19 аныкталды. Алардын 17си түнкү клубдарга баргандар.

Түштүк Корея коронавирус жайылган алгачкы учурларда абалдын курчушу жагынан Кытайдан кийинки эле өлкө болгон. Натыйжалуу күрөштөн улам 51 миллиондон ашуун калктын 10822сине илдет жугуп, 256 киши көз жумган.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 9-майда 3 миллион 950 миңден ашты.

Алардын 275 миңден көбү жашооо менен кош айтышса, 1 миллион 332 миңдей бейтап сакайды.

Оору эң көп жуккандар АКШда, ал жакта илдетке чалынгандар миллиондон ашкан. Илдет кеңири жайылган он мамлекеттин катарында Испания, Италия, Британия, Орусия, Франция, Германия, Түркия, Бразилия жана Иран бар.

XS
SM
MD
LG