Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирине нааразылык нотасын тапшырды


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.

8-майда кыргыз-тажик участогунда болгон чек ара инцидентине байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода чакырылды.

"Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана жарандарына карата гранатомет найлуу автоматтардан, анын ичинде топтук минометтук куралдан бутага алып, ок атууга байланыштуу тажик дипломатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин протест билдирүү нотасы тапшырылды. Ок атуунун натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын үч аскер кызматчысы жана бир жергиликтүү тургун оор жаракаттарды алышты", -деп айтылат 9-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Ошондой эле мекеме "Тажикстандын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасында кырдаалды туруксуздаштырууга алып келүүчү ачыктан-ачык деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануусун" билдирген.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустембеков да Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылганы маалым болду.

“Элчиге Кыргызстандын жарандарынын жана аскер кызматкерлеринин куралдуу жаңжалга алып келген чагымчыл аракеттерине байланыштуу Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды” деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын тышкы саясий мекемесинин билдиришинче, "чыр-чатакка кыргыз жаранынын ок атуусу, анын артынан кыргыз чек арачыларынын ушул сыяктуу эле аракети түрткү берип, Тажикстандын аскерлери жооп чара көрүүгө мажбур" болгон. Маалыматта окуядан эки тажик жараны жараат алып, ооруканага түшкөнү белгиленген.

8-майда кечке маал Баткен районунун Көк-Таш айылынын жанындагы тактала элек Чек аймагында ок атуу коштолгон чыр катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстандын чек арачылары жаңжалды басуу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан.

Кыргыз тарап эки өлкө жарандарынын ортосундагы жаңжалга буга чейин кыргызстандыктар пайдаланып келген 50 сотых жерге байланыштуу талаш себеп болгонун билдирүүдө. Натыйжада алгач эки тараптан 30-40тай адам бири-бирине таш ыргытып, кийинчерээк аңчылык мылтыктан ок атылган.

«Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арада абалды тынчтандыруу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн. Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жашаган жергиликтүү тургундары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан», - деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.

Жаңжалдан кыргыз тараптан үч чек арачы жана бир карапайым тургун жаракат алган. Ок тийген бир чек арачынын абалы оор деп бааланууда.

Буга чейин Тажикстандын Чек ара аскерлери 8-майда Исфара районунун Чоркух жамаатынын Кумазор аймагында "Тажикстандын мыйзамы боюнча тажик жарандарына таандык "төрт гектар жерди" кыргызстандыктар өз алдынча ээлеп алганы чырга себеп болгону тууралуу маалымат тараткан.

Окуянын артынан Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү абалды жайгаруу жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Азыркы учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал туруктуу.

XS
SM
MD
LG