Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

Рок-н-роллго негиз салгандардын бири Литл Ричард көз жумду


Лос-Анжелесте 9-майда рок-н-роллго негиз салгандардын бири, америкалык ырчы, пианист жана композитор Литл Ричард 87 жашында көз жумду.

Өз аты Ричард Уэйн Пенниман. Анын уулу Дэнни Пенниман атасынын акка моюн сунганын "Rolling Stone" журналына кабарлаган.

Рок-н-роллдун атасы деп сыпатталган Литл Ричард соңку кездери ооруп жүргөнү айтылган. Бир канча жолу операция жасалып, өз алдынча баса албай калган.

Анын алгачкы белгилүү "Tutti Frutti" ыры 1955-жылы жазылган. 1957-жылы чыгарган "Here’s Little Richard" деп аталган альбому эң көп сатылган эмгектердин бири болгон.

Музыкант 1958-1962-жылдардын аралыгында тыныгуу жасаган. Андан соң алгачкы концертин Британияда берген. 1977-жылы кайра сахнадан алыстап, дин жолуна түшкөн.

Акыркы жолу 2012-жылы концертте ырдаган.

XS
SM
MD
LG