Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

Чек арада жараат алган аскер дарыланууга Бишкекке жөнөтүлдү


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара аймагы.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара аймагы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийип, оор абалда реанимацияда жаткан аскер дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтүлдү. Баткен облустук ооруканасынын башкы дарыгери Азиз Жунусов кабарлагандай, аны адистер 10-майда аскердик учакта алып кетишти.

Бир күн мурда анын абалын Бишкектен барган дарыгерлер көрүп, консилиум өткөрүшкөн.

Аскерге операция жасалганын, омурткасынан ок калганын Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирген.

Ошондой эле дагы эки жоокер травматология бөлүмүндө жатат. Алардын көкүрөгүнө, колуна ок тийген. Октор алынды, абалдары жакшы.

Жергиликтүү тургундардын бири да бетинен жараат алган. Ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Тажик тарап эки жараны жабыркаганын билдирген.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров 9-майда Баткенге барган. Ал Тажикстандын бийлик өкүлөрү менен сүйлөшүү өткөрөрү кабарланган.

Кыргыз тараптын расмий билдирүүсүнө ылайык, Көк-Таш айылынын Чек тилкесиндеги чатакка жергиликтүү тургундардын тактала элек аймактагы 50 сотых жерди талашканы себеп болгон.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Көп өтпөй тажик аскерлери күтүүсүздөн кыргыз аскерлерин жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан. Тажиктер ок атууну кыргыздар баштаганын айтууда.

9-майда Бишкек менен Душанбе бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG