Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду


Кыргыз сомунун айрым үлгүлөрү. Булардын ичинен 5000 жана 500 сомдуктар колдонулат. 1,5, 10 сомдуктар металл акчага алмашкан. 20 сомдун дизайны алмашкан.
Кыргыз сомунун айрым үлгүлөрү. Булардын ичинен 5000 жана 500 сомдуктар колдонулат. 1,5, 10 сомдуктар металл акчага алмашкан. 20 сомдун дизайны алмашкан.

Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду. Улуттук валюта Кыргызстан СССРдин курамынан бөлүнгөндөн эки жыл өткөн соң, 1993-жылы 10-майда колдонула баштаган.

Алгачкы банкноттор 1993-жылы 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акча түрүндө чыккан.

Алар акырындык менен жүгүртүүдөн алынып, 1994-1995-жылдары 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук жаңы банкноттор менен алмашкан.

1997-жылы алардын коргоо элементтери жакшыртылган, дизайны өзгөргөн. 2000-жылы 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор чыккан.

2008-жылы 1, 3, 5 жана 10 сомдук металл акчалар жүгүртүүгө киргизилген.

2009-жылы 5000 сомдук, 2017-жылы 2000 сомдук банкнот чыгарылган.

Кыргыз валютасы алгач жүгүртүүгө чыккан учурда 1 АКШ доллары - 4 сомго барабар болгон. Арадан 27 жыл өтүп, 1 АКШ долларынын баасы дээрлик 80 сомго тең болуп калды. (SE)

XS
SM
MD
LG