Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Иран АКШ менен эч кандай шарттарсыз туткундарды алмашууга даяр


Эки өлкөнүн желеги.
Эки өлкөнүн желеги.

Иран бийлиги АКШ менен абактагы туткундарды эч кандай шарттарсыз алмашуу жаатында сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу жекшембиде Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Али Рабии билдирди. Ал азырынча америкалыктардан жооп боло электигин кошумчалады. Бул тууралуу "Хабар онлайн" порталы маалымат таратты.

5-майда "Reuter" агенттиги Кошмо Штаттар жакын арада ирандык окумуштуу, учурда камакта отурган Сирус Асгарини депортация кыларын, аны Иранда камалган америкалыктардын бирине алмашарын жазган.

27-мартта Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жафар Зариф АКШ бийлигин окумуштууну бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG