Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Коомдук транспорттун ишине уруксат берилбейт


Бишкек. 31-март, 2020-жыл.
Бишкек. 31-март, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда коомдук транспорттордун ишине, анын ичинде троллейбус жана автобустарга каттамга чыгууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 10-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.

Кыргыз бийлиги эгер коомдук транспортко уруксат берилсе, анда COVID-19 инфекциясынын жайылуу тобокелдиги күчөйт деп кооптонууда. Буга чейин 11-майда коомдук транспорт ишке чыгары айтылган эле.

Дүйшөмбүдөн баштап финансылык кызмат көрсөтүү, калкты тейлөө багытындагы айрым ишканаларга, тиричиликке зарыл соода тармагына, жалпыга маалымдоо каражаттарына иштөөгө уруксат берилди. Бирок жумушта санитардык эрежелерди сактоо талабы коюлду.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталып, 10-майда бул ооруну жугузгандардын саны миң кишиден ашты. Алардын 675и сакайып, 12си көз жумду.

Бийлик 22-мартта өзгөчө кырдаал жарыялап, 25-мартта өзгөчө абал режимине өткөн. Баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тарта өзгөчө абал режими алынары, бирок өзгөчө кырдаал сактала берери кабарланган.

XS
SM
MD
LG