10-майда ”Манас” эл аралык аэропортуна "Fly Dubai" авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамы менен 177 кыргызстандык учуп келди.
COVID-19ду жайылтпоо максатында бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөнүн Коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.
Өкмөт пандемия учурунда чет өлкөлөрдөгү жарандарын маал-маалы менен чартердик каттамдарда ташып келүүдө.