9-май күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундары бийликке нааразы болуп айыл өкмөттүн алдында жыйын өткөрүштү.
Чогулгандар район аймагында киргизилген өзгөчө абал режимин алууну талап кылышты. Ошондой эле чогулгандар коронавируска жапырт анализ тапшырууга каршы чыгышты.
“Кечээ анализ алабыз деп дарыгерлер келишти. Биз элдин баарынан алат экен деп коркуп, "анализ бербейбиз, анализ берсек эле оору аныкталды деп чыгара беришет экен" деп каршы болдук. Андан сырткары жыйналышта жол тосуу, өзгөчө абал режими боюнча нааразылыгыбызды билдирдик. Себеби жер айдоо сыяктуу талаа иштери калып кетти”,-деди аталган айылдын тургуну Мира Абылгазиева.
Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров эл арасында түшүндүрүү иштери жүргөнүн, жазгы айдап-себүү иштерине карантин тоскоол болбогонун айтты.
Кыргызстанда баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып ири шаарлардагы жана Нарындагы, Ат-Башыдагы өзгөчө абал режими алынары, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал сактала берери кабарланган.
10-майга карата Кыргызстанда 1002 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын 675и сакайды, 12си каза болгон.
Нарын облусунда илдет жуккан 127 кишинин 77си Ат-Башыда жашайт.(MiK)