Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Германияда карантинге каршы чыккан ондогон адам кармалды


Александерплац аянтындагы каршылык, 9-май 2020-жыл.
Александерплац аянтындагы каршылык, 9-май 2020-жыл.

Германияда коронавируска байланыштуу чектөөлөргө нааразылык билдирип чыккан ондогон адамдар кармалды. Мындай акциялар 9-майда бир нече шаарда өттү. Алардын айрымдарында митингчилер менен полиция кагылыша кетти.

Берлиндин полициясы Александерплац аянтында күч органдарына бөтөлкө ыргыткан 86 киши кармалганын билдирди. Окуяда кеминде бир полиция кызматкери жараат алганы белгилүү болду.

Дортмунд шаарындагы акция маалында тележурналисттердин тобуна кол салган 23 жаштагы киши камакка алынды. Кёльн шаарында митингчилер тургундардан соода жайларына кирердин алдында беткаптарын чечүүнү талап кылып жатышты. Мюнхендин полициясы үн күчөткүч аркылуу демонстранттарды ортодогу аралык сактоого чакырып турду.

Митингчилер Германия соңку бир канча аптадан бери карантин чараларын жумшартып жатканына карабай чектөөлөргө нааразылык билдиришти.

Жон Хонкинс университетинин маалымат базасына ылайык, Германияда баш-аягы 171 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алды. Бул вирус пайда кылган COVID-19 илдетинен 7,5 миңден ашуун киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG