Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Орозо маалында ооз ачуу өткөргөн чайканалар айыпка жыгылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат берип, орозо айында жарандарды ооз ачууга чогулбоого чакырды. Бул күндөрү чайканаларды патрулдук милиция текшерип, ооз ачуу уюштурганы аныкталса айыппул салынат.

«Ооз ачмай деп чайканага чогулмайды токтотуш керек. Ошондой чайканага топтолгондор аныкталса, анын ээси чоң суммадагы айып төлөйт», - деди Боронов.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталып, 10-майда бул ооруну жугузгандардын саны миң кишиден ашты. Алардын 675и айыгып, 12си көз жумду.

Бийлик 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, 25-мартта айрым аймактарга өзгөчө абал режими киргизилген. Баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып өзгөчө абал режими алынат. Ошол эле маалда 22-мартта киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталат. Аймактардан бири-бирине өтүүдө санитардык-карантиндик посттор иштей берет. (TSh)

XS
SM
MD
LG