Вирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 235ке жетти, алардын үчөө соңку суткада Бишкекте аныкталды. Бул тууралуу 11-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал «министрлик ооруган медицина кызматкерлери тууралуу маалыматты жашырып жатат» деген сөздөр чындыкка дал келбей турганын айтты:
«Жаап-жашыруу дегенди башынан эле колдонбойбуз. Анын эч кажети да жок. Себеби маалымат кайра тез эле чыгат. Медицина кызматкерлери иштеп жатат. Тастыкталган учур болсо стационарга алып келип, дарылашыбыз керек. Үйдө жатып дарылануу кейиштүү формага алып келерин дарыгерлер жакшы билет».
11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду (бирөө медицина кызматкери). Айыгып чыккандар 688 адам, алардын 180и медицина кызматкери.
Бишкекте №17, №14, №13 жана №3 бейтапканаларынын, Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринен коронавирус табылган. (RK)