Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Бишкектин район аралык соту жоюлуп кеткени белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-майда Бишкектин район аралык соту жоюлуп кеткени маалым болду. Бул тууралуу журналисттер район аралык сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароого катышууга барган кезде билишти.

Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айтты:

«Биз иштебей калдык. Район аралык сот жоюлганын бүгүн эле билдик. Президенттин буйругу чыгыптыр. 8-майда Жарандык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары район аралык сот жок. Анын ордуна административдик соттор түзүлдү. Азырынча судьялар жумушка чыга элек. Биз район аралык соттун судьялары болчубуз. Ал жоюлуп кеткендиктен ишти карай албайбыз. Ал эми административдик соттун судьялары дайындала элек. Сотторду президент дайындашы керек».

Чолпон Досмамбетованын мындай билдирүүсү сотко келгендердин арасында нааразылык туудурду.

«Өз элин сыйлаган мамлекетте бийлик мындай кабарларды эрте айтып, «сотко келбегиле» деп радио, телеберүү аркылуу элге маалымат бериши керек», - деди укук коргоочу Төлөкан Исмаилова.

Президенттик аппарат жана Жогорку сот жарлык тууралуу маалымат бере элек.

Район аралык сотто 11-майда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароо белгиленген эле. (BTo/NT)

XS
SM
MD
LG