Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Кабулда жолго коюлган бомбалар жарылып, төрт киши жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын борбору Кабул шаарында 11-майда жолго коюлган төрт бомба жарылып, төрт киши жарадар болду. Алардын арасында бир бала бар экени кабарланды.

Шаардык полициянын өкүлү Фердо Фарамарза окуя болгон жерге минаны зыянсыздандырган топ барганын билдирди. Анын айтымында, Тахия-Маскан районундагы жолго коюлган бомбалар менен улуттук коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери бутага алынган.

Аталган райондо жекшембиде кечинде да бомба жарылган, бирок анда эч ким жабыркаган эмес.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

«Талибан» кыймылы согушту токтотуу максатында ушул жылдын февраль айында АКШ менен тынчтык келишимин орноткондон бери борбор шаарда ири кол салуу уюштура элек.

XS
SM
MD
LG