Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Иштөөгө уруксат алгандарга кагаздарын толуктоого эки күн берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 11-майдан тартып Бишкек шаарынын аймагына кирүү тартиби тууралуу түшүндүрмө берди.

Штаб тараткан маалыматка караганда, уруксат берилген мекеме-жайларда иштегендердин колунда жумушунан маалымдама болушу зарыл. Ал маалымдамада райондук салык кызматынын же акимчиликтин мөөрү болууга тийиш.

Жеке ишкерлердин колунда патенти болушу керек.

Маалымдама жана патент алууга убакыт 13-майга чейин берилди.

Ал эми иштөөгө уруксат бериле электер көчөгө маршруттук баракча менен гана чыга алат.

Штаб тараткан маалыматта «шаар боюнча азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканадан, медициналык мекемелерден тышкары жактарга кыймыл чектелерин жана адамдарда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ менен маршруттук баракча болушу керек экенин эскертебиз» деп айтылат.

Жалпысынан 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 688 адам.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Айрым мекеме-ишканаларга акырындап уруксат бериле баштады. Жеке автотранспорт менен жүрүүгө уруксат бар, коомдук транспорт иштей элек. (RK)

XS
SM
MD
LG