Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Өзбек-казак өкмөт башчылары Түркстанга барышты


Эки өлкөнүн премьер-министрлери жаңы курула турган райондогу үйлөрдүн пайдубалын түптөө салтанатына катышты.
Эки өлкөнүн премьер-министрлери жаңы курула турган райондогу үйлөрдүн пайдубалын түптөө салтанатына катышты.

Өзбекстандын жана Казакстандын өкмөт башчылары Абдулла Арипов менен Аскар Мамин Сардаба суу сактагычынын дамбасы жырылып кеткенден кийин суу каптаган Түркстан облусуна барышты. Эки өкмөт башчы кырсыкта жабыркаган тургундар менен жолугушту. Алар суу алдында калган айылдарды кыдырып, жаңы курула турган райондогу үйлөрдүн пайдубалын түптөө салтанатына катышты.

Мырзакент кыштагына 500дөй үй-бүлөгө турак жай салуу каралган. Курулушту эки өлкөнүн жумушчулары жүргүзөт.

Өзбекстанда 1-майда Сардаба суу сактагычынын дамбасы жырылып, андан ташыган суу Казакстандын Түркстан облусунун он айылын каптаган. 31 миңдей адам жабыркаган.

Жергиликтүү тургундар буга чейин бийлик социалдык тармактарга гана маалымдап, алардан кабар албай жатканына нааразы болушкан эле.

XS
SM
MD
LG