Орусияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 11 656 адамдан табылды. Бул тууралуу ыкчам штаб кабарлады. Бул коронавирус пандемиясы жарыялангандан берки дагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.
11-майга карата өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандардын саны 221 миң адамдан ашты. Бул көрсөткүч менен Орусия Британия менен Италияны басып өтүп, үчүнчү орунга чыкты.
Москвада соңку бир күндүн ичинде илдет 6100дөн ашык кишиден табылды жана бул дагы оору катталгандан берки жогорку көрсөткүч болуп калды.
Акыркы бир күндүн ичинде бул оорудан 94 адам көз жумду жана каза болгондордун жалпы саны эки миңден ашты.