Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:35

Иракта өкмөткө каршы чыккандар менен полиция кагылышты


Иллюстрациялык сүрөт.

Багдадда 10-майда өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккандар менен полиция кагылышты. Жакында эле шайланган премьер-министр Мустафа аль-Кадхиминин кабинетине ичи чыкпагандар коопсуздук күчтөрүнө таш жана күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Ал эми полиция кулак тундуруучу гранаталар менен жооп кайтарды.

Жаңы өкмөт бир нече айга созулган талаш-тартыштардан кийин 6-майда түзүлгөн. Мурунку премьер-министр Адел Абдул Махди былтыр ноябрда миңдеген жарандар жумушсуздуктан улам митингге чыкканда кызматтан кеткен.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ирактын негизги киреше булагы болгон мунай арзандап кетти. Буга чейин да экономикалык кризиске туш болуп турган мамлекетте учурда расмий үч миңдей киши СOVID-19 илдетине кабылган.

XS
SM
MD
LG