Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Франция менен Испания карантин эрежелерин жумшарта баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбү күнү Францияда миллиондогон киши дээрлик 2 айдан кийин уруксат кагазы жок эле сыртка чыга баштады. Мектептерде башталгыч класстардагы балдар окууга кайтып, кээ бир дүкөндөр, чачтарачтар жана башка коомдук жайлар кайра ачылууда. Бирок ресторандар, театрлар жана кинотеатрлар дагы бир топко чейин жабык бойдон кала берет.

Испанияда эпидемиянын очогу болгон Мадрид жана Барселона шаарларынын тургундары ачык асман астындагы барлар менен кафелерге бара алышат.

10-майда Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон чектөөлөрдү алууга эртелик кыларын, үйлөрүнөн иштей албагандар жумуш кеңселерине бара берсе болорун айтты. Ошол эле учурда коомдук транспортко түшпөөгө жана аралыкты сактоого чакырды.

Британияда дүйшөмбү күнкү статистикага ылайык, коронавирустан 32 миңдей киши көз жумду. Бул - Eвропадагы эң жогорку, ал эми дүйнөлүк алкакта АКШдан кийинки экинчи көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG