Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:32

AI: Орусия менен Асаддын режими аскердик кылмышка тете чабуул койгон


Идлиб провинциясы.
Идлиб провинциясы.

«Amnesty International» (AI) эл аралык укук коргоо уюму Сирияда президент Башар Асад менен Орусиянын күчтөрүнүн аскердик кылмышка тете 18 чабуулун каттаганын билдирди. Уюм 10-майда жарыялаган баяндамага ылайык, бул чабуулдар былтыр май айынан быйыл февраль айына чейин козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясы менен анын жанындагы аймактардагы медициналык мекемелерге жана окуу жайларына, эл жашаган аймактарга коюлган.

AI бул кол салуулар эл аралык гуманитардык укукту одоно бузарын айтып, мындай чабуулдарды «аскердик кылмыш» деп баалады.

Уюм өз баяндамасынын көчүрмөлөрүн Бириккен Улуттар Уюмундагы Сириянын жана Орусиянын туруктуу өкүлчүлүктөрүнө жөнөткөн, бирок азырынча жооп ала элек.

Сириядагы тогуз жылга аяк баскан согушта 370 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды жана миллиондогон жайкын тургун там-ташын таштай качты.

XS
SM
MD
LG