11-майдан тартып баш калаа Бишкектин кире бериштеринде жалпысынан 16 санитардык көзөмөл посту иштей баштады. Бул тууралуу шаар башчысы Азиз Суракматов 11-майда онлайн брифингде билдирди.
Ал Бишкекте «өзгөчө кырдаал шартындагы карантин режими» киргизилгенин, ошол эле учурда бюджетти толтуруш үчүн бизнестин айрым түрлөрүнө уруксат берилгенин айтты.
Мэрдин айтымында, Бишкектин ичинде посттор бүт алынды, кире бериштеринде шаарга кирип жаткан адамдардын дене табын текшерүүчү 16 санитардык көзөмөл пункту иштеп жатат.
Суракматов буга чейин комендатура берген өткөрмө кагаздарынын мөөнөтү бүткөнүн, эми жумушка чыгууга уруксаты барлардын колунда жумушунан берилген, жергиликтүү салык кызматынын же акимчиликтин мөөрү басылган маалымкаты болууга тийиш экенин айтты.
Шаар башчысы белгилегендей, салык кызматы маалымкатка мөөрдү салык боюнча карызына карабастан басып бериши керек. Жеке ишкерлер патент алышы зарыл.
Жалпысынан 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 688 адам.
1016 адамдын 327си Бишкекте.
Коронавирус коркунучунан улам Кыргызстандын айрым аймактарында, анын ичинде Бишкекте өзгөчө абал жарыяланып, адамдардын жана автомобилдик кыймылга чектөө киргизилген, түнкүсүн коменданттык саат эрежеси иштеп жатты. Бул тартип 11-майда токтоду. (RK)