Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Ирандын аскер кемеси машыгуу маалында өз катерин атып алды


«Жамаран» кемесинде канаттуу «Нур» ракеталары жайгашкан.
«Жамаран» кемесинде канаттуу «Нур» ракеталары жайгашкан.

Ирандын Аскер-деңиз флоту машыгуу учурунда «Конорек» деген ракеталык катерди «Жамаран» фрегаты кокусунан атып алганын ырастады. Оман кысыгында машыгуу маалында болгон кырсыкта 19 жоокер курман болду жана дагы 15и жабыркады.

Катерде канча адам болгону азырынча белгисиз. Окуяны иликтеш үчүн топ түзүлдү.

Иран флоту «Жамаран» аскердик кемесин 2010-жылдан бери колдонуп келет жана анда «Нур» канаттуу ракеталар жайгашкан.

Иран ушул жылдын башында Тегерандан Киевди көздөй учуп чыккан «Украина эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учакты кокусунан атып алган. Каргашада 176 адамдын өмүрү кыйылган. Анын алдында Тегеран менен Вашингтон Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулайманинин атып өлтүрүлгөнү боюнча тирешип жаткан.

XS
SM
MD
LG