Бишкек шаарында коронавирус жуккан милиция кызматкерлеринин саны 11-майга карата 36 адамды түзөт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин вирус жуккан милиционерлер тууралуу маалымат бергенде алар бул илдетти көбүнчө кызмат учурунда, оорунун очогуна барганда жугузганын билдирген.
Суракматовдун айтымында, жалпысынан азыр шаарда коронавирустун жайылышы кооптуу деп эсептелген 98 очок бар.
Илдет жуккан медицина кызматкерлеринин саны 79 адам.
Жалпысынан коронавирус деген диагноз коюлгандар 300дөн ашты.
11-майдан тартып Бишкекте жана башка бир катар аймактарда өзгөчө абал режими аяктап, өзгөчө кырдаал мөөнөтү улантылмай болду. Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө уруксат берди.
Жалпы республика боюнча COVID-19 жуккан милиция кызматкерлеринин саны канча экени тууралуу расмий маалымат жок. Нарында 14 милиционер экени 11-майда айтылды. (RK)