Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 11-майдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Интернеттеги социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга көңүл бөлүп, иликтөөнү өкмөт менен күч органдарынан талап кылды.
«Социалдык тармактарда бөлүнүп-жарылууга элди үгүттөгөн, жеке менчикти басып алуу боюнча ар кандай чакырыктар тарап жатат. Биз кайсы мамлекетте жашап жатабыз? Же мыйзамсыздыкта жашап атабызбы? Эл кыйналып турган кезде мыйзамсыз жолдорго чакыргандар болуп атат. Өкмөт эмнеге уктап жатат? Прокуратура, ИИМ, УКМК...» - деди Икрамов.
Буга чейин социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптаган. Алардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр жана экс-транспорт министри Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Андан кийин Жапыкеевди колдоого, мыйзамсыз байлыкты ашкерелөөгө чакырган маалыматтар байма-бай тарай баштаган.
Кубанычбек Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. (NT)