Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:51

Ооганстанда талибдердин кол салуусунан алты жоокер курман болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Коргоо министрлиги «Талибан» кыймылы өлкөнүн чыгышындагы Лагман провинциясындагы өткөрмө-көзөмөл бекетине кол салганын билдирди. Анда алты жоокер курман болуп, дагы бешөө жаракат алды. Министрлик бул чабуулдун мизи майтарылганын, талибдер да жоготууга учураганын маалымдады. Бирок окуянын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.

Мунун алдында Кабул шаарында жолго коюлган төрт бомба жарылып, төрт киши жарадар болгон. Алардын бири 12 жаштагы кыз экени кабарланган. Шаардык полициянын өкүлү Фердо Фарамарза Тахия-Маскан районундагы жолго коюлган бомба менен улуттук коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлеринин машинелери бутага алынганын билдирген. Ал райондо жекшембинин кечинде да бомба жарылган, бирок анда эч ким жабыркаган эмес.

Бул жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Өткөн аптада АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Катарда «Талибан» кыймылынын жетекчилери менен жолукканда атышууну токтотууга чакырган.

«Талибан» кыймылы согушту токтотуу максатында ушул жылдын февраль айында АКШ менен тынчтык келишимин түзгөндөн бери борбор шаарда ири кол салуу уюштура элек.

Ал ортодо ооган өкмөтү менен талибдер келишимдин шарттарынын бирине ылайык туткун алмашууну улантып жатыгат. Кабул 1000 туткунду бошотконун билдирген. «Талибдер» 300 жоочусу бошотулганын ырастаган жана өздөрүндө кармалып турган 225 адамды бошотконун маалымдаган. Ооган өкмөтү муну бышыктай элек.

XS
SM
MD
LG