Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Суракматов: Бишкекте коронавирустун кооптуу 98 очогу бар


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкекте коронавирустун кооптуу очогу деп эсептелген 98 жер бар. Бул тууралуу 11-майда борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Бул вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар жерлер. Ошондуктан бир жакка барсаңар, дос-тууган менен жолуксаңар, эстеп калууңарды суранам. Эгер оору аныкталса, ал адам менен байланышта болгондордун баарынан анализ алынат".

Суракматов вирустун белгилери байкалса 118 номерине телефон аркылуу кайрылуу керектигин, азыркы тапта дарыгерлерден жана санитардык кызматкерлерден турган 40 мобилдик топ иштеп жатканын кошумчалады.

Коронавируска каршы республикалык штаб 11-майга карата Бишкекте вирус жуккандардын саны 327 адам экенин билдирди. Мэрия шаарда бул илдетке чалдыккандардын 79у медицина кызматкери, 36сы милиционер экенин кабарлады.

30-апрелде баш калаанын тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин айтылган.

Бишкектин тегерегинде жалпысынан 47 конуш бар. (RK)

XS
SM
MD
LG