Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

ЖК комитети өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты


Өкмөт Үйү.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 11-майдагы жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылды.

Комитет мүчөлөрү акыркы кырдаалга жараша өкмөттүн иши көптүгүн эске алуу менен отчётту кабыл алып берүү тууралуу чечимге келишти. Жыйында айтылган сын-пикирлер эске алынмай болду.

Депутаттарга вице-премьер-министр Аида Исмаилова баштаган өкмөт өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштер, коронавируска каршы күрөш тууралуу маалымат беришти.

Парламент комитеттеринен кийин өкмөттүн отчету 14-майдагы жалпы жыйында каралат. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG