Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Алтын тамгадан» башка сынак шарттары өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 2019-2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактын шарттары өзгөрдү. Бул тууралуу билим берүү, илим министри Каныбек Исаков Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү быйыл сынак тапшырыш үчүн мектепке барышпайт. Бүтүрүүчүлөргө тиешелүү сабактар боюнча баалар жыл ичиндеги жалпы жетишкендиктеринин, анын ичинде текшерүү иштеринин, чейректик, жарым жылдык бааларынын негизинде коюлат. Аны министрлик иштеп чыккан жобого ылайык түзүлгөн предметтик комиссиялар ишке ашырат.

Бүтүрүүчүлөргө предметтик бааларды коюу жараяны 2-июндан 13-июнга чейин уланат. Бааларга канааттанбаган бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери апелляциялык комиссияга кайрыла алат.

Ал эми алтын сертификатка талапкер бүтүрүүчүлөр үчүн «Алтын тамга» деп аталган жалпы республикалык тестирлөө реалдуу режимде өтөт. Вице-премьер министр Аида Исмаилованын ушул эле комитетте билдиргенине караганда быйылкы тестирлөөнүн жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдү вирустан коргоо чаралары көрүлөт. Быйыл «Алтын тамга» тестирлөөсүнө республика боюнча 1207 бүтүрүүчү катышары күтүлүүдө. Кыргызстанда 2230дан ашык мектеп бар.

Коронавирус илдетине байланыштуу мектептер 16-марттан баштап карантинге жабылган.

XS
SM
MD
LG